Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Мен Кыргыз Республикасынын акыркы 29 жыл ичинде демократиялык баалуулуктарын жана көз карандысыздыгын коргоодогу бекем туруктуулугуна суктанам. Көз карандысыздыкты алган күндөн тартып Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын өсүп келе жаткан экономикасын, демократиялык институттарын курууга жана адам укуктарын урматтоону камсыз кылууга карата жасаган иш-аракеттерин колдоого 2 миллиард доллардан ашуун көмөк көрсөттү. АКШнын Тынчтык корпусу жана башка алмашуу программалары биздин элдерибиздин ортосунда бекем байланыштарды түздү. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда түзүлгөн мамилелер Америка Кошмо Штаттарынын да, Кыргызстандын да элдерине пайда алып келүү багытында өнүгөт деп ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн