Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 23:59
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Донбасс жана Крым Украинага кайтыш керек. Зеленский кайрылуу жасады

15.02.2022 07:53
2237
Донбасс жана Крым Украинага кайтыш керек. Зеленский кайрылуу жасады

Украина президенти Владимир Зеленский Украина калкына кайрылуу жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалары кабарлады.


Президент өзүнүн кайрылуусунда Украина армиясы азыркы учурда болуп көрбөгөндөй кубаттуу экенин билдирип, согуш тууралуу тынчсызданууга себеп жок экенин айтты.


"Акыркы кезде өлкөбүздө согуш чыгарына байланыштуу маалыматтар тарап тарап элибизди түйшөлтүп турат. Ага ылайык өлкөбүздөн чыгып кеткен олигарх жана мамлекеттик кызматкерлерди 24 саат ичинде Украинага кайтып келүүгө чакырам.

16-февраль күнү согуш башталат деп жатышат. Андай эмес! 16-февраль бардык мекемелерде Украинанын туусу көтөрүлүп, гимн аткарылат. Биз өзүбүздүн тынчтыкты сүйгөн эл экенибизди көрсөтөбүз.


Биздин армия 8 жыл мурдагыдай алсыз эмес. Армиябыз болуп көрбөгөндөй кубаттуу жана мекенди коргоого арзыйт.

Биз бардык көйгөйлөрдүн чечилишин сүйлөшүү жолу менен гана чечилерин белгилейбиз",- деди Зеленский.


Мындан сырткары, ал Донбасс менен Крым Украинанын жери экенин билдирип, сүйлөшүү жолу менен Украинанын составына кирерин баса белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн