Донецк элдик республикасы Украинанын куралдуу күчтөрү Донецк аймагындагы эки мектепти аткылаганын билдирди. Бул тууралуу "Известия" билдирди.
Маалыматка ылайык, мектептерди аткылоодо оор жана жеңил куралдар колдонулган. Аткылоодон мектептин айнек-терезелери, эшиктери жана дубалдары кыйраган.
Эске салсак, 18-февралдан бери Донецк жана Луганск элдик республикасынын Украина менин чектеш аймактарында атышуу маал-маалы менен жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн