Донецк Эл Республикасынын башчысы Денис Пушилин өлкөнүн бардык аймагын бошоткондон кийин Россиянын курамына кирүү маселесин карай турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Донецк Республикасынын аймагы болуп мурдагы Донецк облусунун аймагы эсептелет.
Азыркы учурда облустун батыш тарабын Украина аскерлеринен тазалоо аракети жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, февраль айынын орто ченинде Донбасстагы Донецк жана Луганск республикаларынын жетекчилери Россиядан алардын көз карандысыздыгын таанууну суранган. Президент Владимир Путин 21-февралда аларды таануу жарлыгына кол койгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн