Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 14:40
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Дөөлөт Сыдыковдун Манас айтуусу жыйынтыкталгандан кийин салтанаттуу иш-чара өттү

06.09.2021 19:22
1515
Дөөлөт Сыдыковдун Манас айтуусу жыйынтыкталгандан кийин салтанаттуу иш-чара өттү

Ушул жылдын 6 -сентябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде манасчы Дөөлөт Сыдыковдун «Манас» айтуусу аяктагандыгына байланыштуу салтанаттуу иш -чара болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.


Дөөлөт Сыдыков «Гиннестин рекорддор китебине» кирүү үчүн үстүбүздөгү жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейинки мезгилде алты күн бою «Манас» эпосун үзгүлтүксүз айтты.


Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана Россиядагы кыргыз диаспора уюмдарынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоого карата уюштурулду.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги бул маанилүү миссияны ийгиликтүү аяктоо үчүн бардык зарыл шарттарды түзп берди. Ошондой эле манасчы Дөөлөт Сыдыковдун аткаруусунда «Манас» эпосун угууну каалаган бардык мекендештер, Элчиликтин имратына 6 күн бою ээн -эркин кире алышты.


Өз кезегинде манасчы Дөөлөт Сыдыков бул иш-чараны Москвада өткөрүүгө көрсөткөн жардамы үчүн Элчиликке жана уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.


Иш-чаранын жүрүшүндө Элчилик тарабынан Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин «Аймак таануу» жана «Саясат таануу» адистиги боюнча кыргыз, украин, казак тилдерин окуган 2-курсунун студенттери үчүн «Манас» эпосунун угуу, ошондой эле философия илимдеринин доктору, манасовед Ж.Орозбекованын эпостун пайда болуу тарыхы боюнча лекцияларды окуусу уюштурулду.


Ал эми «Гиннестин рекорддор китебине» кирүү маселеси керектүү материалдарды иштеп чыгуу стадиясында турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн