Кыргыз эл Баатыры, академик, айтылуу мээкөр (нейрохирург), Илимдин эмгек сиңирген ишмери жана Эмгек сиңирген врач, илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси, көчтүн көркүндөй болуп, азыркы улуттун интеллигенциябыздын туу башында келаткан Миталим Мамытовдун бейнесине сүртүмдөр.
Беш доор
Акыркы 15 жылда бизде беш падыша алмашты. Доорлор, адамдар көбүнесе саясатчылар, бийликтегилер өзгөрдү. Бир гана, ушу урматтуу инсандын өзгөргөнүн көрбөдүм. Ар дайым калыс. Тигил же бул бийликти ашкере мактап же өлө жамандап жүргөнүн көрбөптүрмүн. Ар дайым карыядай кадырлуу, ...бөбөктөй элпек, ...жигиттей шамдагай, ...сөзгө маш, ишке шай, ...мударистей так түшүндүрүп, ...окуучудай кунт коюп уккан, ...көгүчкөндөй сыпаа, ...комуздай жупуну, бирок миң сырдуу, ...айылдыктардай карапайым, ...мергендей баамчыл, ...зергердей көзү курч, ...саяпкердей кыраакы, ...анан адамгерчилиги тоодой токтоо, ...тоо булагындай тунук, ...таңкы сүттөй ынак, ...азыр эле байге алган күлүктөй таанымал жана алп жүрөк, темир билек балбандай даңазалуу, ...адамгерчиликтен жана салабатынан жазбай келаткан Миталип Мамытов агай тууралуу ой толгоолорумду жазгым келди. ...Бу инсан мага айылдаш же уруулаш, кесиптеш же партиялаш да эмес. Ал бүтүндөй бир улуттун сыймыгы. Мына, мен бүгүн ошону жазгым келди. Мактайын дебедим, ушундай улутташыбыз бар экенине мактанайын дедим.
Биринчи байге – кир самын
М. Мамытов өмүрү сабактан “үч” же “төрт” алып көргөн эмес. Эң алгачкы сыйлыкты 4-класста окуудагы эң жакшы жетишендиктери үчүн үч кир самын алган. Себеби, согуштун кийинки жылдары балдар биттеп, эң керектүү буюм ушу кир самын эле. Анан 7-класста болсо 3 метр кездеме беришет. Сыягы, бу окуучу жаамачы шым менен сабакка келип жүргөнүн мугалимдер байкаса керек. Ошого аябай кубанат. 9-классында Л.Толстой менен Т.Сыдыкбековдун китептерин белекке алып төбөсү көккө жеткиче сүйүнөт. Кийин Кызыл-Кыядагы медучилищаны, 1966-жылы мединститутту жалаң “эң жакшы” деген бааларга тапшырып, окуу жай боюнча мамлекеттик экзаменинде “отлично с отличием” деген бааны алган жалгыз Миталип агабыз болуптур.
...Ошондо эң биринчи ирээт байгеге үч кир самын алганына жетине албай аткан окуучу, дагы бир топ жылдан кийин Эл Баатыры болот деп ким ойлоптур.
Америкадан аса таяк
Он чакты жыл илгери кыргызстандык бир улгайып калган эже алыскы Америкада жашап аткан кызына жөнөйт. Самолеттон түшөрү менен башы айланып, кузуп, анан кызы ал жактагы нейрохирургга алпарат. Ал врач “Мурда травма албадыңыз беле” деп сурайт.
– Автокырсыктан травма алгам, – деп жооп берет.
– Ким операция кылды эле, – дейт.
– Кыргызстанда М.Мамытов деген нейрохирург, – дейт.
Тиги врач, үңүлүп интернеттен М.Мамытов деген фамилияны таап, таанышын тапкандай кудуңдап сүйүнүп, бир аса таякты белекке берип жатып мындай дейт:
– Сизди дүйнөдөгү эң мыкты нейрохирург операция жасаптыр. Куттуктайм. Биз ал инсанды абдан сыйлайбыз. А бул белекти менин атымдан ага белекке берип койсоңуз, – дейт.
...Көп өтпөй белек Бишкекке келип ээсин табат.
Жапон врачын таң калтып
1996-жылдык күз айында андагы коопсуздук министри, генерал-лейтенант А.Бакаев кокусунан автокырсыкка учурайт. 3 күндүн ичинде М.Мамытов эки ирээт татаал операция жасайт. Төртүнчү күн дегенде Жапон өлкөсүнөн эң мыкты мээ хирургу жана Москвадан биринчи деген нейрохирургу учуп келишип, бешинчи күн дегенде оорукчан жаткан бөлмөгө киришет. Рентген кагаздарын, операциянын жыйынтыктарын көрүшөт. Оорукчандын туугандары дагы бир операция жасайтго деп үмүттөнүшөт. Жапон нейрохирургу ушундай шартта жетиштүү медициналык технологиялык мүмкүнчүлүгү жок жагдайда операция кылган М.Мамытовго улам-улам таң калып, ишенип-ишенбей кайра-кайра сурап, “Биз жетиштүү компьютердик аппараттар менен да мындан мыкты операция жасай албайт элек” деп М.Мамытовдун колун кыса кармайт.
...Биз адатта жапондорго суктанабыз, көрсө жапондор суктанган бир кыргыз арабызда бар экен.
“Биз абдан сыйлайбыз”
2015-жылдын жаз айы эле, улуу эжемдин кызы кокустан кырсыкка учурап, Алматынын шаардык ооруканасында операция болду. Таңга дейре эжебиз чыйпылыктап, кызы эс-учун жоготуп койгонун айтып, таң атаары менен Миталип акеге бардык. Өтө сылык угуп, анан Алматыдагы операция кылган врач менен телефондон сүйлөштү. Ынтаа коюп угуп, анан консультация берди. “Кудай буюрса 2-3 жумада өзүнө келет, анан 3-6 ай эс алуусу керек” деди. Түштөн кийин Алматыга жөнөдүк.
Ооруканага кирип барсак операция кылган жигит тосуп алып, оорукчандын чоо-жайын айтты. Мурутчан, Ильдар Курмаев аттуу уйгур жигит экен. Илимдин доктору. Кетип атканда кабинетине кирип кетүүбүздү өтүндү.
– Миталип Мамытович сизге ким болот? – деп суроо салды.
– Агам болот, – дедим.
– Телефондон үнүн укканда, мен туруп алып сүйлөштүм, андай инсан менен сүйлөшүү кандай сыймык, биз ал кишини абдан сыйлайбыз, буюрса бүт аракетибизди кылабыз, тууганыңыз жакшы болуп кетет – деди.
...Кайра жолдо келатып, океандын ары жагындагы Америка менен Жапониянын, же бу жакында Алматынын доктурлары өтө сыйлаган М.Мамытовду биз татыктуу сыйлай алдыкпы, сыйлап келатабызбы деп ойго баттым.
Чечендик
Элибизге таанымал инсан Акун Токтосартов бир күнү капыстан телефон чалып калды: “Иним, Саякбай деген китеп жазыптырсың. Ошону окуйун дедим эле” деп. Ошол эле күнү берип жибердим. Бирок, сыркоолоп жатканын билбептирмин. Эки айга жетпей суук кабар уктук. Акун аке көз жуумп кетиптир. Анан аза зыйнатына бардык. Ошондо М.Мамытовдун коштошуу сөзү азыр да кулагымда. Акун аке көзүү тирүү кезинде балким өйдө-төмөн сөз уккандыр. Бирок, Миталип аке айткан сөз аны бейишке көкөлөткөндөй болду. Ушундай сыпаа инсандан мындай көөнөрбөс сөздөр чыгаарын күтпөптүрмүн. ...Арстанбектей нарктуу, ...Жеңижоктой көрктүү, ...Алыкулдай терең, ...Аалыкедей кенен, ...Ысмайылдай көөнө, ...Эстебестей даана төктү. Дене бойду чыйралтты.
Кыргыздын нукура жорго сөздөрү менен сүйлөдү. Акун акенин артында албан иштери менен жакшы сөз гана калды. Андан бери сессияда, митингдерге, чогулуштарда не деген сөздөр сүйлөндү. Бирок, Миталип агайдын жан-дүйнөдөн чыккан жандуу сөздөрү гана кулагымда калды.
....Сөз баркын билбеген каап сүйлөйт, билген таап сүйлөйт дейт элибизде.
Мээнин сыры
Болгону бир чоң алманын салмагындай болгон адамдын мээсинде 100 миллиардга жакын нейрон болуп, ар биринин 5-10 миңдей байланышы болот экен. Эгер ушул нейрондорду санасак, толук санаш үчүн эле 32 миллион жыл керек экен. Адамдын мээсин камсыз кылуу үчүн 80% жалпы гендин геномдору иштейт экен. Мээнин татаалдыгы, сыры мына ушунда. Анан мына ошол 100 миллиард нейрондун бирөөсү эле доо кетсе, балким адам майып болуп калыш ыктымал. М.Мамытов ошондой 12 миң мээге операция жасады. Бала менен карыга, кыз менен кемпирге, орус менен кыргызга, 12 миң мээни аңтарып көрдү. 12 миң ирээт тобокелчиликке барып, 12 миңдей өмүрдү сактап калды. ...“Мен мээни көргөндө бала кезде күлүктү көргөндөй сүйүнөм”, дейт. “Мээ – табияттын эң укмуш табериги. Ал океандын тереңиндей миң сырдуу, ак кар баскан тоонун бийигиндей укмуш. Мээнин эң татаал жери – эң ортосу, гипофиз деп коёт. Мээни мотору ошо. Мен мээнин “недозволинной” (жетүүгө мүмкүн эмес) жерлерине чейин жеттим дейт. Мээни 4 эле пайызы иштейт, эгер 8 пайызы иштегенде биз башка дүйнөдө жашамакпыз. Кызыгы, монголдордун мээси салмактуу, автралиялыктардын кичине болот. Мээге операция кылып атканда кыймыл, дем алуу, аң-сезим токтоп турат. Бирок, операция болуп атканда мээ билип турат. Мээнин тилин таап сүйлөшө билүү керек. Мээ тилин тапсаң, сүйүнөт сүйлөшөт. ...Тилин таппасаң мээ ачууланат, ...чаначына чыгып кетет, ...туйлайт, ...ыйлайт, ...анан мээ да өлөөрүн сезет” дейт, академик М.Мамытов.
Анча 12 миң операциянын канчасында тил табала алган жоксуз – деп суроо салдым.
– Балким, 0,2 – 0,4 пайыз болсо керек, – деп, салыңкы үн катты.
– Агай биринчи орундабы мээби же жүрөкпү?
– Мен, анда жашыраак кез элем, илимий чогулушга баяндама кылып атсам, Миррахимов ушинтип сурап калды.
– Мирсаид Миррахимович, эгер жоого чыгыш керек болсо, жүрөк биринчи, ойлонуп илимий ачылыш жасоо керек болсо мээ биринчи дедим. Залдагылар кол чаап ийишти.
Бирок, жаш өткөнү Куран китебин окуп менин оюм өзгөрдү. Жүрөк биринчи, себеби Кудай адамга жүрөк менен кетет. Шайтан болсо мээ аркылуу кетет. Мээ эс алат, жүрөк болсо өмүр бою эс албайт. Жүрөк кыянаттыкка барбайт. Кыянаттыкка бара турган чечимди мээ кабыл алат. Мээ алдайт, жүрөк алдабайт.” дейт, мээкөр агай.
...Онду бүтүп атканда апам байкуш “мединститутка эле тапшыр таякең мугалим, айылдашыбыз С.Данияров ректор” деп чыйпылыктады.
Азыр ойлосом, медик болбогонум эле туура болуптур. 120 кесиптешим менен араң тил табышып иштеп атам, 100 миллиард нейрондун тилин кантип тапмак элем.
Жети собол
Миталип агайдан кыргыз баласы узак жашоо үчүн эмне кылуу керек деп сурасам жети кеңешин айтты.
1.Эң ириде, таза үй-бүлөдө төрөлүү,
2.Таза ойлонуу;
3.Таза иштөө;
4. Дене бойду таза кармоо;
5.Таза адамдар менен баарлашып, сүйлөшүү;
6.Таза абада көбүрөөк сейилдеп, эс алуу;
7. Таза, нукура тамак ичүү керек дейт, анан
“Адам баласы төрөлгөндө жүзү жарык, ичинде кири жок, оюнда эч жамандыгы жок болуп жаралат. Өзүбүздү өзүбүз кирдетебиз”, – дейт.
А мээ качан эс алат? – десем.
– “Уктаганда, жакшы сөз же музыка укканда, жакшы көрүнүштөргө күбө болгондо, табиятка чыкканда, жакшы адамдар менен баарлашканда мээ эс алат”, – дейт.
Мээнин дөө-шаалары
Кыргызстанда мээге биринчи жолу Абдулхай Абдурахманов деген врач 1961-жылы жасаган.
Дүйнөдөгү эң мыкты мээнин устасы жана №1 нейрохирург деп түбү Ирандык 82 жаштагы Сами Мажитти эсептейт. Дүйнөлүк нейрохирургия Ассоцияциясынын президенти болуп Германияда иштейт. Иран мамлекетинин Баатыры.
Экинчиси россиялык академик А.Н. Коновалов, Бурденко атындагы поликлиниканын доктору. Россиянын Баатыры. Экөөсү тең Миталип агай менен жакын, сый мамиледе, жаштары курбу. Айтылуу нейрохирургтар Бехтеревдордун үй-бүлөсүн бийик урматтайт.
Үчүнчү Баатыр болсо, менимче, Миталип Мамытов, ал да Эмгек Баатыры. Агайдын жетекчилиги менен 8 илимдин кандидаты, 2 илимдин доктору өздөрүнүн илимий даражасын коргоп, кээ бири Кеңеш Ырысов сыяктуу шакирттери дүйнөлүк Токио, Германия, Москва ж.б. борборлордон тажрыйба алып келди. Кыргызстанда 1970-жылы 60 эле нейрохирург болсо, азыр 3000ге чейин өстү.
80 жаштагы кыял
Агай 80 жашка келдиңиз, эмне кыялыңыз бар дедим.
– Кыялымбы, кыялым бар. Тээтиги бет маңдайдагы долбоорду көрдүңбү, деп текчедеги эскиз долбоорду көрсөттү, – ошол республикалык нейрохирургиялык борборду курсак дейм. Орто Азиядагы эң мыкты борбор болмок. Жер бар, инвестор бар. Мамлекеттен болгону бир миллион доллар керек. Бюрократиялык бөгөттөрдөн улам алга жылбай атат дейт.
...Депутат катары бул маселени жылдырууда жардам берейин дедим. 17-декабрга комитеттин күн тартибине киргиздик.
“Контрабандалык” иштер
Бул маалымат буга дейре эч жерде жарык көргөн эмес.
Космонавт жердешибиз С.Шарипов экинчи ирээт NАSА (Россия + АКШ) долбоору менен бирдикте космоско учаарда кичи инсульт алып калат. Эгер муну Россия менен АКШ билсе космоско жол жок. Ал жүз космонавттын арасынан тандалып өткөн. Анан эмне кылат? Кантсе да өз киши эмеспи деп М.Мамытовго келет. Ал киши да айтат “Мен жок дегенде Президент Акаевге айтышым керек, эртең эл аралык чыр болот” деп. Космонавт “Анда космостук кыялдарым өлөт” дейт. Эмне кылуу керек? Бүт жоопкерчиликти мойнуна алып, министрдин орун басары Г.Алиевди кабардар кылып, М.Мамытов операция жасайт. С.Шарипов кайра барып, космоско болгон даярдануу курстарын улантат. Россия менен АКШнын доктурлары анын кечээ эле инсульт алып, операция алганын билишпейт. “Куландан соо экенсиң” деп космоско уруксат беришет. Ал кайтып келип Россиянын Баатыры наамын алат.
Ушуну угуп отуруп бир окуя эске түштү. Ошондо С.Шарипов космоско учканы Байкоңурга андагы госсекретарь О.Ибраимов болуп Шариповдун туугандары менен бирге бардык эле. Аны менен айнектин ары жагынан коштоштук. Бир кезде “Тетропак” шире куралган идиштин оозун ачып, сокту төгүп, кыргыз коньягын куюп атышат. Көрсө жердешибиз кыргыз коньягын сураныптыр. ...А сиздер, Торугарт, Эркечтамдагы “контрабанданы” айтасыздар. Контробанда космоско чейин кетип атса.
Таңкы беште космоско узатканы атайын жерге келдик. Кризис учуру эле. Муздак арак, ысык чай, туздуу бадыраң, тузу кем нандан башка эч нерсе жок экен. Атаганат, космоско да ушинтип жупуну узатабы деп классташтарды аскерге узаткан күндөрдү эстедим.
...Апалар эт, майын, жеңелер нан боорсогун, таттуу – паттуусун көтөрүп, агалар жүздөн куюп, аталар бата берип, бүт айыл шатыра-шатман болуп, Совет заманында биздин аскерге узаганыбыз, айтор, эми тигинтип Байкоңурда космоско узаткандардан алда канча шаңдуу болчу.
...Эгерде, доктур М.Мамытов ушул кадамга барбаганда космонавт С.Шарипов экинчи ирээт космоско учаар беле, ким билет.
Миталип акеден бир щиңгил
Сүйүүнүн билесизби эмнеси жок?
Сүйүүнүн атасы эмес энеси жок,
Сүйүүнүн агасы эмес эжеси жок,
Сүйүүнүн күндөрүнүн баткысы жок,
Сүйүүнүн түндөрүнүн аткысы жок,
Сүйүүнүн жашы эмес карысы жок,
Сүйүүнүн уялганга намысы жок,
Сүйүүнүн айыкканга дарысы жок,
Сүйүүнүн жата турган далысы жок,
Сүйүүнүн уктаганга акысы жок,
Сүйүүнүн кыймылдабай жаткысы жок,
Сүйүүнүн көп сырларын айткысы жок,
Сүйүүнүн барган жеринен кайткысы жок,
Сүйүүнүн кулпусунун ачкычы жок,
Сүйүүнүн өзү махабаттан качкысы жок,
Сүйүүнүн тактысы эмес бактысы жок,
Сүйүүнүн өзү жалгыз жалпысы жок,
Сүйүүнүн билесизби эмнеси жок?
Сүйүүдөгү жокторунун баарысы жок.
Мына бул ыр мээге диагноз коё билген академик М.Мамытовдун сүйүүгө койгон диагнозу, жазган саптары. Сүйүү ушундай экен. Балким, мына ушу татаал жана табышмактуу мээни иштетип жаткан ушу сүйүү болуп жүрбөсүн. ...Өмүрдү сүйүү, ...адамды сүйүү, ...мекенди сүйүү, ...өз кесибизди сүйүү, ...табиятты сүйүү. Балким, ушундай эмеспи, жашоонун кереметин караң.
Кутман курак кут болсун, Миталип агай!
Жүз жашка жетип, миң жылдык ырахат көрүңүз!
Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты, журналист
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн