Бугу 14, 2024
Убакыт: 22:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Дордой базарынын жетекчилиги ижара акысын төмөндөтөт

09.12.2023 14:11
418
Дордой базарынын жетекчилиги ижара акысын төмөндөтөт


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык реформасын колдоп, ишкерлердин каржылык жүгүн жеңилдетүү максатында “Дордой” соода-базар комплексинин жетекчилиги контейнерлер үчүн жер тилкелеринин ижара акысын төмөндөтүү чечимин кабыл алды.


Ижарачылар жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча арендаторлорду женилдетилген шарттарда колдоо жөнүндө жалпы чечим кабыл алынды.


Дүң соода кылгандардын ижара акысы эки эсеге кыскарса, чекене соода катарларында ижара акысы 30 процентке төмөндөтүлөт.


“Дордой” соода жана оюн-зоок комплексинде базарды реконструкциялоо боюнча кошумча чаралар көрүлөт. Инфраструктура жана коммуникация жакшырат. Кошумча коомдук тамактануу жайлары жана дааратканалар курулат, жаңы автобус каттамдары уюштурулат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн