Бугу 14, 2024
Убакыт: 23:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Дордой конушундагы күндүзгү стационар биринчи бейтаптарды кабыл ала баштады (ФОТО)

08.07.2020 18:16
1115
Дордой конушундагы күндүзгү стационар биринчи бейтаптарды кабыл ала баштады (ФОТО)


Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Жумабек Салымбековдун жана ишкер Нурзат Осмонованын ыктыяры менен «Дордой» конушундагы №94 орто мектептин базасында курч респиратордук вирустук инфекциясы, пневмониянын жеңил жана орто формасы менен ооруган бейтаптарга жардам көрсөтүү максатында 50 орундук күндүзгү стационардык борбор ачылды.


Ал жакта Бишкек шаарынын ылдыйкы зонасында жашаган ооруган жарандардын, саат 08:00дон 20:00го чейин, дарылануусуна тиешелүү шарттары менен мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ооруган жарандарга 4 дарыгер, 1 реаниматолог, 3 медайым жардам көрсөтүүдө.


Ооруган жарандарды тейлеген медициналык кызматкерлердин тамак-ашы, жатаканасы, коргоочу кийимдери, дезинфекциялоочу жана башка керектүү каражаттар Салымбеков Жумабек жана Осмонова Нурзат тарабынан каржыланууда. Алар зарылдыка жараша, стационардын персоналы көбөйүп турарын белгилешти.


Пандемия башталгандан бери “Дордой” Ассоциациясы тарабынан калкка жардам берүүгө 10 млн сом каражат бөлүнгөн. Ал эми академик Жумабек Сабырбеков менен экс-депутат Нурзат Осмонованын үй-бүлөсү тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов районундагы аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөргө жалпы суммасы 2 млн сомго 2400 социалдык пакеттер таратылып берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн