Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 21:39
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

“Дордойдо” кытайларга кысым болгон эмес

02.03.2020 14:11
581
“Дордойдо” кытайларга кысым болгон эмес


“Дордой” базарында кытайлык соодагерлерге эч кандай кысым болгон эмес жана алар тоскоолдуксуз иштеп жатат. Мындай пикирин «Дордой» комплексинин профсоюзунун башчысы Дамира Дөөлөталиева маалымат каражаттарына билдирди. Ал буга чейин базардагы кытайлык соодагерлердин контейнерлерин мажбурлап жаптырып жатышат деген видеого түшүндүрмө берип жатып көпчүлүк кытайлар кайтып келе электигин айтты.


“Тасмадагы контейнердин ээси Дубайга эс алганы кеткен экен. Анан контейнери ачык турганын көрүп, биздин ишкерлер жабылышын талап кылышыптыр. Териштире келгенде ал Кытайга соңку беш жылдан бери бара элек экендиги аныкталды”, - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн