Пандемия карапайым элди көп кыйынчылыктарга дуушар кылды. Буга чейин деле жакшы эмес социалдык-экономикалык абал көптөгөн кошумча маселелерди жаратты. Алардын бири бул күнүмдүк акча таап, жан баккан адамдардын финансалык абалы жана көйгөйү. Бул кырдаалга байланыштуу “Дордой” ассоциациясы пандемия учурунда жумушсуз калып, азык-түлүккө муктаж болуп турган “Дордой” базарынын кызматкерлерине жана базардан айланасында жайгашкан конуштардын жашоочуларына азык-түлүк жана күнүмдүк турмушка керектүү айрым буюмдарды таркатты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн