Кулжа 26, 2024
Убакыт: 10:41
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Доскул Бекмурзаев энергетикалык авариянын себебин азыр айтпай турганын билдирди

25.01.2022 17:02
845
Доскул Бекмурзаев энергетикалык авариянын себебин азыр айтпай турганын билдирди

КРнын Энергетика министри Доскул Бекмурзаев бүгүн, 25-январда маалымат жыйынында бүгүнкү энергетикалык авариянын себебин айтпай турганын билдирди.


Анын айтымында, авариялык өчүрүүгө бирөөнү күнөөлөгө али эрте.


"Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын түштүк тарабы Советтер союзу учурунан бери бирдиктүү энергошакекчесинде турат.

Азыр кайсы бир тарапты айыптоого болбойт. Анткени эки кошуна өлкө тең боордош өлкө.

Электр энергиясынын өчүшү сөзсүз иликтенет. Андан соң авария тууралуу маалымат беребиз",- деди Бекмурзаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн