Жалган курандын 14, 2025
Убакыт: 21:33
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
1.000
1.035

Достук айылынын эли үчүн турак жай комплексинин курулушу башталды

14.03.2025 15:38
22
Достук айылынын эли үчүн турак жай комплексинин курулушу башталды


Достук айылынын эли үчүн турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.


Маалыматка ылайык, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев турак жай комплексинин курулушуна старт берди.


Ал чек аранын чечилишине жергиликтүү элдин дагы салымы чоң экенин белгилеп, мамлекеттин кызыкчылыгы, элдин коопсуздугу биринчи орунда турганын белгилеген.


Достуктун тургундары Суу-Башы айыл аймагынын Чет-Булак жерлигине көчөт. Ар бир турак жай үчүн 10 сотыхтан жер ажыратылып, жалпы 179 үй курулары белгиленди. Үйлөр үч бөлмөлүү болуп, бардык шарты түзүлөт. Ал эми курулушту күзгө чейин бүткөрүү пландалууда.


Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасын тактоо учурунда Достук айылы толугу менен тажик тарапка өтмөй болгон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн