Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Дубай-Бишкек” каттамы боюнча чартердик рейс уюштуруу сүйлөшүлүп жатат

17.04.2020 13:37
869
“Дубай-Бишкек” каттамы боюнча чартердик рейс уюштуруу сүйлөшүлүп жатат


Тышкы иштер министрлиги Дубайдагы Кыргыз жарандарын алып келүү үчүн чартердик рейс уюштурууну сүйлөшүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, ТИМ Бириккен Араб Эмиратынын авиациялык бийлиги менен биргеликте Кыргыз жарандарын алып келүү үчүн 26-апрелге “Дубай-Бишкек” каттамы боюнча чартердик рейс уюштуруу маселесин иштеп жатышат.


Ошондой эле, БАЭден кыргызстандыктарды эвакуациялоо үчүн 3-майда жана 5-майда кошумча каттамдарды уюштуруу тууралуу алдын ала макулдашууга жетишишкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн