Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Дубай аркылу дүйнөнүн булуң-бурчунда жүргөн 142 кыргыз жараны Бишкекке келди

24.07.2020 15:55
1021
Дубай аркылу дүйнөнүн булуң-бурчунда жүргөн 142 кыргыз жараны Бишкекке келди


Бишкекке Бириккен Араб Эмиратынан Кыргызстандын жарандары кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.


Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунда 24-июль күнү Дубай-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Кыргызстанга Бириккен Араб Эмиратынан 142 жаран кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар.

Ошондой эле бул каттам менен Кыргызстанга АКШ, Иордания, Сингапур, Сауд Аравиясы, Германия, Корея, Камбоджа, Пакистан, Бахрейн жана Мальдив өлкөлөрүнөн мекендештер кайтып келишкен.


Дубай-Бишкек маршруту боюнча кийинки каттам 31-июлга пландалган, бул каттамдар менен Кыргызстанга БАЭ менен үзгүлтүксүз маалымат алмашууну жандандырган Кыргызстандын жарандары келе алышары айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн