Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:29
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Дубай полициясы ырчы Анжеликанын бир жыл мурда жоготкон кымбат баалуу саатын таап берди

09.01.2023 15:02
356
Дубай полициясы ырчы Анжеликанын бир жыл мурда жоготкон кымбат баалуу саатын таап берди

Дубай полициясы кыргыз эстрада ырсы Анжеликанын 110 миң дирхамдык саатын таап берди. Бул тууралуу ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.


Маалыматка таянсак, бир жыл мурда ырчы Дубайга эс алууга барып 30 миң долларлык саатын түшүрүп алган.

Ал Кыргызстанга келгенден кийин жол кырсыгына кабылган. Анжелика саатын кырсык учурунда жоготуп алганын ойлогон.


Бирок жылдан соң ырчы айым Дубайга барганда аны полиция кызматкерлери тосуп алган. Полиция турист менен байланышууга аракет кылганын бирок майнап чыкпаганын билдирген.


Анжелика өзү Дубайга барган учурда ага түшүрүп алган кымбат баалуу саатын кайтарып беришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн