Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Дубайда кандай макулдашуулар болду? Акылбек Жапаров БАЭге болгон иш сапары тууралуу айтты

15.12.2021 11:41
543
Дубайда кандай макулдашуулар болду? Акылбек Жапаров БАЭге болгон иш сапары тууралуу айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Бириккен Араб Эмирлигине иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу ал “Мамлекеттик сатып алуулар” КРнын мыйзамынын долбоорун коомдук угуу учурунда жеке өзү билдирди.


Анын айтымында, иш сапардын негизги максаты “ЭКСПО-2020” көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын улуттук күндөрүн өткөрүүгө катышуу болгон.


“Иш-чаранын алкагында биз “ЭКСПО-2020” көргөзмөсүнө катышкан бардык өлкөлөрдүн жаңы технологиялары жана инновациялык мамилелери менен таанышып, күбө болдук. “ЭКСПО-2020” көргөзмөсүнүн алкагындагы эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгында элибиздин бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча 5 жылдык пландарыбызды оңдоп алабыз деп ишенем. Анын ичинде кеңсеси Дубайда жайгашкан Улуттук көз карандысыз фондубузду түзөбүз. Акырындык менен фонддун филиалдары дүйнөнүн бардык финансы борборлорунда ачылат”, - деди ал.


Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы иш сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмиратынын министрлер кабинетинин иши жана келечеги боюнча министри, БАЭнин Федералдык Улуттук кеңешинин иштери боюнча министри менен жолугуп, ошондой эле БАЭнин вице-премьер-министри менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулаган.


Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарындагы «Masdar City» жогорку технологиялык экошаарчасына жана Дубай шаардык полициясынын “Акылдуу шаар” борборунда болду.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн