Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Дубайда кыргыз-эмират соода-экономикалык кызматташтыктыгын өнүктүрүү талкууланды

30.03.2022 12:22
851
Дубайда кыргыз-эмират соода-экономикалык кызматташтыктыгын өнүктүрүү талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Дубай (Бириккен Араб Эмираты) шаарында өтүп жаткан Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин 8-кеңешмесине катышуу алкагында Бириккен Араб Эмиратынын экономика министри Абдалла бин Таук Аль-Марри менен жолугушту.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.


Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин жана айыл чарба, энергетика, туризм жана өз ара аракеттенүүнүн башка тармактарында бир катар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.


Буга катар кыргыз тарап Өкмөттөр аралык биргелешкен кыргыз-эмират комиссиясынын 2-жыйынын өткөрүү, Кыргыз Республикасы-БАЭ Ишкер кеңешинин алкагында эксперттик жолугушууларды, бизнес-делегацияларды, бизнес-форумдарды үзгүлтүксүз өткөрүү аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, Өкмөттөр аралык акселератор боюнча биргелешкен Жумушчу эксперттик топтун ишин активдештирүү зарылдыгын белгиледи.


Тараптар ортосундагы пикир алышууда үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында БАЭ экономика министри Абдалла бин Таук Аль-Марринин бизнес-делегация менен Кыргыз Республикасына пландаштырылып жаткан сапарына басым жасалды.


Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган кызматташуу багыттарын иш жүзүнө ашыруу максатында тыгыз жумушчу байланыштарды улантууну макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн