Кечээ, 1-ноябрда Садыр Жапаровдун БАЭге болгон иш сапарынын алкагында Дубайда жайгашкан эң бийик “Бурдж-Халифа” имараты Кыргызстандын желегинин түсүнө боёлду.
Президент Садыр Жапаров 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) иш сапары менен болуп, анын алкагында бир катар маселелер талкууланды.
Эскерте кетсек, “Бурдж-Халифа” имараты Дубайда жайгашып, бийиктиги 828 метрди түзүп, дүйнөдөгү эң бийик имарат болуп эсептелет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн