Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 20:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Дубайдын эмири кызын эмне үчүн терезесиз үйдө кармайт?

17.02.2021 09:00
1017
Дубайдын эмири кызын эмне үчүн терезесиз үйдө кармайт?

БАЭнин вице-президенти жана премьер-министри, Дубайдын Эмири Мохаммед бин Рашид аль-Мактумдун кызы, ханбийке Латифа атасын туткунга алгандыгын  айыптап кайрылуу жасады. Бул тууралуу Латифа БАЭге күч менен алып келингенден  кийин жасаган билдирүүдө айткан.


Маалым болгондой, Латифа видеону жуунуучу бөлмөсүндө тартып, досторуна жөнөткөн.


Латифа атасы артынан жөнөткөн аскерлерге каршылык көрсөткөнүн, бирок аны дары менен уктатып, Дубайга алып келгенин айтат. Кыздын айтымында, атасы аны терезеси жана эшиги жок жабык виллада кармайт, кыз медициналык жана юридикалык жардамга ээ эмес. Вилла полиция кызматкерлеринин тобу тарабынан кайтарылат.


Кыздын видео билдирүүлөрүн Би-Би-Сиге Латифанын жакын досу анын аталаш агасы Маркус Эссабри жана  укук коргоочу Дэвид Хай таркаткан.


Ханбийке Латифа 2018-жылы деңиз аркылуу өлкөдөн качып кетүүгө аракет кылган. Франция бул иште ага жардам көрсөткөн. Ал Индияда БАЭ күчтөрү тарабынан кармалып, мекенине алынып келген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн