Бишкек шаарындагы дүкөндөрдө кардарлар санитардык
эрежелерди сактабай жатат. Бул тууралуу 28-апрелде өткөн брифингде Ички
иштер министринин орун басары жана Бишкек шаарынын
коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.
Анын айтымында шаар тургундары жөнөкөй санитардык эрежелерди сактабай жатат.
"Күн жылыган сайын азык-түлүк дүкөндөргө беткап кийбей, санитардык нормаларды сактабай баргандар көбөйүп жатат. Дүкөн ээлерине кайрылат элем, элдердин аралыкты сактоосун карагыла, антисептиктерди орнотуп, эшиктерге санитардык эрежелердин көрсөтмөлөрүн илгиле дейт элем”, - деди Орозалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн