Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 02:58
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Дүкөндүн ээсин бычак менен коркутуп, тоногон жигиттер кармалды

30.07.2021 15:27
771
Дүкөндүн ээсин бычак менен коркутуп, тоногон жигиттер кармалды

Каракчылыкка шектүүлөр кармалганын Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 30-июлда билдирди.


Окуя 7-июлга караган түнү Панфилов районунда болгон. Ошол күнү уурулар дүкөнгө кирип, бычак менен коркутуп, 14 миң сомун алып качып кетишкен.


Сатуучу милиция кызматкерлерине кайрылып, бул факт Жазык кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.


Чүй ОИИБдин жана Панфилов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар — 2000-жылы туулган Р.Т. жана 2003 -жылы туулган Т.А.


Милиция кармалгандар Жайыл районундагы башка тоноолорго дагы катыштыгы бар экендигин аныктады.


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн