Бугу 16, 2024
Убакыт: 07:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Душанбеде Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

05.02.2024 09:07
190
Душанбеде Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрдү


Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 4-февралда тажик тараптын чакыруусу боюнча расмий сапар менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Расмий сапардын алкагында бүгүн Душанбе шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сироджиддин Мухриддиндин тар жана кеңири курамдагы жолугушуулары өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Кыргыз Республикасы Тажикстан Республикасы менен ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө умтуларын белгиледи.

Министр Кулубаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган участокторду боюнча сыпаттоо иштерин толук аягына чыгаруу тараптарга өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи. Кыргыз тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо иштерин тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен тез арада чечүүгө умтулат.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кыргыз-тажик мамилелеринин учурдагы абалын жана саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы келечегин талкуулашты.

Ошондой эле кесиптештер дүйнөдөгү жана региондогу абал боюнча пикир алышты.

Тараптар андан тышкары, БУУ, ЕККУ, КМШ жана башка эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери ортосундагы 2024-2026-жылдарга кызматташуу программасына кол коюшту.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн