Бугу 09, 2024
Убакыт: 06:06
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Душманды биримдикте жеңет

10.05.2021 21:50
1002
Душманды биримдикте жеңет


Кыргыз-тажик чек арасындагы кечээки кандуу кагылыш кимдин ким экенин көрсөттү. Кимдин дос, кимдин душман экенин ачыктады. Биз кимге ишенишибиз керектигин, кимге ишенбестик керектигин да даана көрсөтүп койду. Бизге мындан ары эмне керектигин да көрсөттү. Бизге бир муштумдай биримдик керек экен.

Баткен аймагындагы жабыр тарткандарга жардам берүү жагынан элибиз кандайлыгын көрсөттү, алеки саатта бардык аймактар түп көтөрүлө жардам колун созушту. Баткендиктер жалгыз эместигин сезишти, элдик колдоо болоруна, баары жакшы болоруна ишеништи. Элибиз биримдикке умтулганын биз эле эмес, сырттагылар да көрүштү.

Кыргызстандын тышкы достор колдошту, бир ооз жакшы сөзүн, колдоосун аяшкан жок. Албетте баары эмес, бизге достор гана. Андан сырткары чет жакта жүргөн, бирок жүрөгү Кыргызстан деп соккон мекендештерибиз ар кайсы мамлекетте акцияларды өткөрүшүп, тажик бийлигин айыпташты. Алардын үнү эл аралык чоң уюмдарга, дүйнөгө жетти.

Мурда бийликти катуу сындап келаткан жарандарыбыз, өкмөттүк эмес айрым умдар да элди колдоду. Тажик бийлигин эл аралык сотко берүү үчүн ар кандай аракеттерди көрүшүүдө. Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн алар да четте калышпады. Мындай кырдаалда алар сындоо эмес, чогуу аракетти тандап алышты.

Бирок беш кол тең эмес экен. Айрым саясатчылар Кыргызстандын башына мүшкүл түшүп, колдоого, биримдикке, сабырдуулукка муктаж болуп турганда учурдан пайдаланып, саясий упай топтоого же саясий жактан сокуу берип калууга аракет кылышканы кызык болду. Алар өздөрү же өзү ээрчиткен фанаттары аркылуу бир беткей сын айтуу менен элдин биримдигине эмес, аларды туш-тушка болүп кетүүгө аракет жасагандай болушту.

Айрым бир көрсөң Атамбаевди, бир карасаң Текебаевди, анан дагы бир байкасаң Жээнбековду же башкаларын жандагысы келип, улам саясий ойт берип, өз көмөчүнө гана күл тартууга аракет кылгандар президент Жапаров менен Ташиевди, жогорку жетекчиликти боктоп жатып калышты. Отуз жыл саясатта жүрүп, депутат болуп Кыргызстандын пайдасына кылчалык пайда келтиришпейт да, эми чындап эл, мекен үчүн аракет кылгандарды каралап жатышат. Уялышпайт да. Баары эле кыйын, кыйын болсо ушуга чейин эмне кылып жүрушкөн?

Текебаев, Мадумаров, Исхак Масалиев, генерал Исаков сыяктуу белгилүү инсандар кыйын күндө элди бириктирүүгө аракет кылуунун ордуна сырттан сын айтууга өтүштү. Аларды ээрчигендерге кудай берип калды, каралап жатып калышты. Журтка күйгөн мындай болбойт. Сырт душман кетсин, анан саясатыңарды чала бергиле, азыр ага орун жок деген аксакал киши да чыкпады.

Саясатчыларга, аларды ээрчигендерге караганда жандүйнөсү таза карапайым калк бийик экен. Ошолор гана элди жакшылыкка үндөп, биримдикке чакырып, кыргыз байрагын көкөлөтүштү. Ким баатыр, ким бузуку, ким ак ниет экени даана көрүндү.

Бул күндөр да өтөр, жакшы күндөр, жакшы ийгиликтер келер, ошондо сын айтып, сырттан күлүп тургандарга айтаар сөз болот. Буюрса.

Кыргыз аргументи

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн