Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:13
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Дүйнө чемпионаты 2-күн: 24 мүнөткө созулган оюн, акыркы секунддагы гол жана тең чыгуу

22.11.2022 08:55
520
Дүйнө чемпионаты 2-күн: 24 мүнөткө созулган оюн, акыркы секунддагы гол жана тең чыгуу

21-ноябрда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычындагы оюндар уланды.


Алгач Англия курамасы менен Ирандын беттеши болуп өттү.

Оюн башталганда эле өзгөчө башталды. Ирандык футболчулар өлкөдөгү демонстранттарды колдоо максатында гимн ырдоодон баш тартты.

Бул беттеште күйөрмандар жалпы 8 голго күбө болду. Эсеп 6:2. Англия жеңишти камсыз кылды.

Бул оюндагы дагы бир өзгөчөлүк анын 24 мүнөт узартылышында болду.

Бразилиялык калыс биринчи таймга 14 мүнөт, экинчи бөлүккө 10 мүнөт кошумча убакыт кошуп берди.


Кийинки беттеш Сенегал жана Нидерланд өлкөсүнүн ортосунда орун алды.

81-мүнөттө алдыга чыккан Нидерланд курамасы калыс оюндун аягында кошуп берген 8 мүнөттүн соңку секундаларында эсепти 2:0 кылды.


Акыркы беттеш АКШ жана Уэльс өлкөсүнүн ортосунда болду.

Оюн 1:1 эсеби менен аяктап, курамалар бирден упай топтоду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн