22-ноябрда Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунун 3-күнү жыйынтыкталды.
Алгачкы матч Сауд Араб Падышалыгы менен дүйнөлүк чемпионатта фаворит аталган командалардын бири Аргентина курамасы беттешти.
Беттеште Аргентина алдыга чыкканына карабай экинчи бөлүктө Сауд Арабия оюнчулары эсепти 2:1ге өзгөртүп сенсация жаратты.
Экинчи жана үчүнчү оюнда Дания менен Тунис жана Мексика менен Польша кез келди.
Эки беттеш да 0:0 менен аяктады.
Ал эми төртүнчү беттеш учурдагы дүйнө чемпиону Франция менен Австралия ортосунда болду.
Беттеш күтүлгөндөй эле Франциянын жеңиши менен аяктады. Эсеп 4:1.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн