Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 07:19
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Дүйнө чемпионаты 3-күн: Япониядан сенсация, Хорватиянын тең чыгуусу, Испаниянын ири жеңиши жана Канаданын үстөмдүгү

24.11.2022 08:27
309
Дүйнө чемпионаты 3-күн: Япониядан сенсация, Хорватиянын тең чыгуусу, Испаниянын ири жеңиши жана Канаданын үстөмдүгү

23-ноябрда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында төрт беттеш өттү.


Алгачкы беттеш турнирде фаворит өлкөлөрдүн бири деп эсептелген Германия менен Япониянын ортосунда өттү.

Бул оюн Аргентина менен Сауд Арабиянын оюнун эске салды. Германиялыктар пенальти менен алдыга чыкканына карабай экинчи таймда 8 мүнөттө эки гол өткөрүп, жеңилүү ызасын тартты.


Экинчи матч Африкадан келген Марокко менен Хорватия ортосунда болду.

Бул оюнда эч бир тарап күчөтүүнү аныктай алган жок. Эсеп 0:0.


Кийинки беттеш жаштарды көбүрөөк өзүнө камтыган Испания курамасы  океандын ары жагынан келген Коста-Рика менен беттешти.

Оюнда испандыктар үстөмдүк кылып, жоопсуз 7 гол жаратты. Баса, бул азырынча дүйнө чемпионатындагы эң ири жеңиш.


Күндүн акыркы оюну Бельгия жана Канада ортосунда болур өттү.

Оюндун башында эле канадалыктар пенальти иштеп тапты. Бирок Бельгиянын дарбазачысы Тибо Куртуа өлкө намысын коргоп калды.

Беттештин аягына чейин Канада үстөмдүк кылбасын, 0:1 эсебинде Бельгияга жеңилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн