Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Дүйнө чемпионаты 4-күн: Швейцариянын минималдуу жеңиши, Роналдунун рекорду жана Бразилиянын жеңиши

25.11.2022 09:01
584
Дүйнө чемпионаты 4-күн: Швейцариянын минималдуу жеңиши, Роналдунун рекорду жана Бразилиянын жеңиши

24-ноябрда Катар өлкөсүндө өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычындагы оюндар уланды.


Биринчи матч Швейцария менен Камерун өлкөсүнүн ортосунда болду.

Оюнда жалгыз голду Камерун тектүү Эмболо Швейцария үчүн жаратты. Ал камерундуктардан кечирим суроого жетишти.


Экинчи беттеште Түштүк Корея менен Уругвай улуттук курамасы оюн өткөрдү. Оюнду эки тарап тең бирдей өткөрүп, беттеш 0:0 эсеби менен аяктады.


Ал эми күндүн үчүнчү оюнунда Португалия менен Гана кездешти.

Алгачкы голду футбол жылдызы, Португалия чабуулчусу Криштиану Роналду киргизип, 5-дүйнө чемпионатында гол киргизген алгачкы футболчу болуп рекорд койду. 

Оюн 3:2 эсебинде Португалия курамасынын пайдасына чечилди.


Күндүн акыркы оюну Бразилия менен Сербия ортосунда өттү. Бул оюнда эч кандай интрига жаралган жок. Күтүлгөндөй Бразилия үстөмдүк жасап, 2:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн