Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 07:06
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Дүйнө чемпионаты 5-күн: Ирандын күтүлбөгөн жеңиши, Катардын ДЧдагы алгачкы голу жана эки тең чыгуу

26.11.2022 08:32
615
Дүйнө чемпионаты 5-күн: Ирандын күтүлбөгөн жеңиши, Катардын ДЧдагы алгачкы голу жана эки тең чыгуу

25-ноябрда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычында экинчи тур старт алды. 


Биринчи беттеш футбол күйөрмандары күткөндөн таптакыр башкача аяктады.

Уэльс курамасы менен Иран оюндун соңку мүнөттөрүнө чейин бирдей оюн көрсөтүп гол жараткан эмес.

Баары Уэльс командасынын дарбазачысы ирандык чабуулчуга орой мамиле жасагандан кийин башталды.

Дарбазачы "кызыл карта" алып, оюндан четтетилди. Натыйжада Уэльс 10 оюнчу менен калды. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланган Иран соңку 2 мүнөттө эки гол жаратып, беттеште 3 упай топтоого жетишти.


Экинчи оюн талаа кожоюну Катар менен Сенегал ортосунда өттү.

Оюнда африкалык команда үстөмдүк кылып, 3:1 эсебинде жеңип алды. Ал эми Катар дүйнө чемпионатынын алкагында алгачкы голун жараткан менен "кожоюн өлкө" катары эки жолу жеңилүү ызасын тарткан алгачкы команда бойдон калууда.


Ал эми күндүн үчүнчү жана төртүнчү беттештери Нидерланды менен Эквадор жана АКШ менен Англия ортосунда өттү.

Нидерланды менен Эквадор бир бирден гол жаратса, АКШ менен Англия 0:0 эсебинде оюнду аяктады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн