Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 08:52
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.935
0.960

Дүйнө чемпионаты 6-күн: Сауд Аравиянын жеңилиши, Мбаппенин дубли жана Мессинин жеңиши

27.11.2022 08:32
656
Дүйнө чемпионаты 6-күн: Сауд Аравиянын жеңилиши, Мбаппенин дубли жана Мессинин жеңиши

26-ноябрда Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычында экинчи турдун оюндары өтүүдө.


26-ноябрь күнү алгачкы беттеш Австралия менен Тунис ортосунда болуп өттү. Беттеште минималдуу эсеп менен Австралия 3 упай топтоду.


Экинчи оюн өткөн оюнда сенсация жараткан Сауд Аравия менен Польша курамасы кез келди.

Бул оюнда саудиялык Аргентинага каршы беттешкендей оюн алып бара алган жок. Мындан пайдаланган Польша 2:0 эсеби менен жеңишке жетишти.


Андан кийин матч өтө динамикалуу болуп Франция менен Даниянын ортосунда өттү.

Оюнда франциялык чабуулчу Килиан Мбаппе дубль жасап командасын кийинки баскычка алып чыкты.


Акыркы беттеш Аргентина жана Мексиканын оюну менен аяктады.

Беттеште аргентиналык футбол жылдызы Месси гол жаратты. Ал Аргентинанын тарыхында дүйнө чемпионатында Аргентина үчүн 8 гол киргизип, Марадона менен бир сапка жайлашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн