Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:50
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Дүйнө чемпионаты 7-күн: Япониянын күтүүсүз жеңилиши, Мароккодон сенсациялуу утуш, Канаданын коштошуусу жана Германиянын үмүтү

28.11.2022 08:57
657
Дүйнө чемпионаты 7-күн: Япониянын күтүүсүз жеңилиши, Мароккодон сенсациялуу утуш, Канаданын коштошуусу жана Германиянын үмүтү

27-ноябрда дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычынын экинчи турундагы оюндар уланды.


Биринчи беттеш Япония менен Коста-Рика курама командаларынын ортосунда өттү.

Алгачкы оюнунунда сенсация жараткан Япония өткөн беттешинде 7:0 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан Коста-Рикага күтүүсүздөн 0:1 эсебинде утулуп калды.


Экинчи оюнда 2018-жылы вице-чемпион болгон Хорватия менен Канада беттешти.

Канада алдыга чыкканына карабай Хорватия 4 гол жаратып жеңишти илип кетти.

Мындан улам Канада курамасы дүйнө чемпионаты менен кош айтышууга мажбур.


Андан кийинки беттеш өзгөчө эмоцияларды тартуулаганы менен көпкө эсте калат.

Бельгия бул оюнда канчалык үстөмдүк кылбасын, Марокко жоопсуз эки гол жаратты.

Муну менен Марокко дүйнө чемпионатыда алгачкы 3 упайды тапты.


Ал эми күндүн акыркы оюну Германия менен Испания ортосунда болду.

Испандыктар эсепти ачып, алдыга чыккандан кийин Германия өзүн жоготкондой оюн көрсөттү. Бирок алмашууга чыккан оюнчу эсепти теңеп, Германиянын тайпадан чыгууга болгон үмүтүн жандырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн