5-декабрда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында Хорватия менен Япония кез келди.
Оюндун биринчи бөлүгүнүн аягында күн чыгыш өлкөсү алдыга чыкты. Экинчи бөлүктө Хорватия эсепти теңеди.
Оюндун негизги убактысы аягына чыкканына байланыштуу дагы кошумча 30 мүнөт кошуп берилди.
Бул мүнөттөрдө да атаандаштар бири-бирине гол киргизе алган жок.
Оюндун аягында пенальти сериясында Хорватиянын дарбазачысы 3 соккуну кайтарып командасын чейрек финалга алып чыкты.
Ал эми Бразилия Түштүк Корея беттешинде эч кандай интрига болгон жок.
Оюндун алгачкы 36 мүнөтүндө эле Бразилия 4 жоопсуз гол жаратты.
Оюндун аягында күн чыгыш өлкөсү бир гол киргизди.
Эсеп 4:1.
Эми чейрек финалда Хорватия менен Бразилия кез келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн