4-декабрда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 финалдык баскычта Франция "Аль-Тумама" стадионунда Польшаны 3:1 эсебинде жеңип чыкты. Оливье Жиру өнөктөшү Мбаппенин жардамы аркылуу гол киргизип, 52 топтун автору болуу менен Франция курамасынын мыкты бомбардири аталды.
Ал эми Килиан Мбаппе өз эсебине пастан тышкары 2 гол жазды. Оюндун аякташы менен Килиан оюндун мыкты футболчусу аталды.
Ошондой эле, төртүнөн 5-декабрга караган түнү Англия жана Сенегал чейрек финал үчүн күрөштү. Бирок ал жакта интрига болгон жок. 39-мүнөттө Джордан Хендерсон команданы алдыга жетелесе, Харри Кейн 45-мүнөттө ал эми Букайо Сака 57-мүнөттө өзгөчөлөнүп, эсеп артыкчылыгын бекемдеди.
Эми Франция жана Англия 11-декабрда саат 01:00дө "Аль-Байт" стадионунда беттешет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн