14-декабрга караган түндө футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында Аргентина курамасы менен Хорватия улуттук курама командасы кездешти.
Оюндун биринчи бөлүгүндө эле Месси пенальтиден гол киргизип, эсепти 1:0гө айлантты. Андан кийин Альварес экинчи голду жаратты.
Ал эми экинчи таймда Альварес дубль жасап, Хорватияны 3:0 эсебинде жеңди.
Ошентип Аргентина курамасы Хорватиядан 2018-жылкы өчүн алды.
Команда башчысы Месси Аргентина үчүн эң көп жараткан оюнчу болуп калды.
Ал эми Хорватия 3-орун үчүн оюн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн сактап калды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн