Хоккей боюнча Кыргызстан улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатынын 1-турунан кийин алдыда келе жатат.
27-февралда Босния жана Герцеговинада 6 команданын катышуусунда үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасындагы турнир башталды.
Кыргызстандын курама командасы 1-турда Сингапурду 14:2 эсебинде утуп алган. Андан тышкары Босния менен Ирандын командалары дагы жеңишке жетишти.
Кыргызстан курама командасы биринчи турдан кийин турнирдик жадыбалда алдыда келе жатат.
1-турдун жыйынтыгы, 27-февраль
Кыргызстан - Сингапур - 14:2
Малайзия - Иран - 4:14
Босния и Герцеговина - Гонконг - 6:5
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн