Бугу 03, 2024
Убакыт: 06:22
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Нарту Абдурахманов алтын медаль жеңди

06.09.2023 15:05
762
Дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Нарту Абдурахманов алтын медаль жеңди


Кыргызстандын сурдо грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нарту Абдурахманов Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 97 кг чейинки салмакта катышып, алгач 1/4 финалдык беттеште ирандык балбанды жеңген.

Жарым финалда казакстандык балбанды утса, ал эми финалдык беттеште түркиялык балбанды жеңип, алтын медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, мелдештер Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жатат. 3-сентябрда башталган чемпионат 11-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн