Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 23:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Дүйнө чемпионатында кызыктар уланууда. Марокко менен Япония тайпадан биринчи болуп чыкса, Бельгия менен Германия турнир менен коштошту

02.12.2022 09:11
600
Дүйнө чемпионатында кызыктар уланууда. Марокко менен Япония тайпадан биринчи болуп чыкса, Бельгия менен Германия турнир менен коштошту

1-декабрда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычтагы акыркы беттештери өттү.


Е тайпасында Германия курамасы Коста-Рикага каршы беттеш өткөрдү. Германия бул оюнда 1:2 эсебинде артта калганына карабай, эсепти 4:2ге айлантты. Бирок Германия үчүн бул жеңиш дүйнө чемпионаты менен коштошуудан башка эч нерсе алып келген жок.


Анткени удаа оюнда Испанияны Япония 2:1 эсебинде жеңип, тайпалык баскычта 6 упай топтоп 1/8 финалга жолдомо алды.

Ал эми Германия менен Испания 4төн упай топтогон. 

Испания голдордун айырмасы менен кийинки баскычка чыкты.


F тайпасындагы командалар да кызыктуу оюн тартуулады.

Бельгия тайпадан чыгыш үчүн Хорватияны жеңүүгө мажбур болгон. Бирок хорватиялыктар өзүнүн стилинде оюнду өткөрүп гол өткөргөн да киргизген да жок. Эсеп 0:0. Бул эсеп Хорватиянын кийинки баскычка чыгуусу үчүн жетиштүү болду.

Мындан улам Бельгия курамасы тайпада 3-орунду ээлеп, турнир менен кош айтышты.


Удаа оюнда Марокко дагы бир жолу сенсация жаратып, Канаданы 2:1 эсебинде утту. 

Марокко бул дүйнө чемпионатында тайпадан 7 упай менен 1-орунду ээлеп, 1/8 финалга чыкты.


1/8 финалда Е тайпасынан 1-орунду ээлеген Япония менен Хорватия жана Марокко менен Испания беттешет.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн