Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатын багындырган кыргызстандык балбан кыздар мекенине кайтып келди.
Бүгүн эртең менен "Манас" эл аралык аэропортуна спортчулар: Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана машыктыруучулары: Нурбек Изабеков, Байгазы Кенжебаев, Чынарбек Изабеков келип түштү.
Аларды туугандары, жакындары жана бийлик өкүлдөрүнөн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев тосуп алды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн