Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Дүйнө чемпионатындагы алгачкы сенсация! Месси баштаган Аргентина Сауд Арабияга жеңилип калды

22.11.2022 18:58
540
Дүйнө чемпионатындагы алгачкы сенсация! Месси баштаган Аргентина Сауд Арабияга жеңилип калды


Күтүүсүз жеңилүү. Мессинин командасы Сауд Аравиянын курамасына утулуп калды

 22/11/22 18:11 39 кароо СПОРТ0

Бишкек, 22.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык оюндарында Аргентина менен Сауд Аравиянын курама командалары беттеш өткөрдү.


Эки команда тең С тайпасында жайгашкан жана тайпадагы беттеш өткөргөн алгачкы курамалар.


Беттеш башталган алгачкы 10-мүнөттө Аравиянын дарбазасына карата 11 метрлик сокку белгиленип, аны Лионель Месси ишке ашырып, эсепти 1:0гө өзгөрттү. Биринчи таймда Аргентинанын футболчулары бир катар гол киргизгени менен ал офсайд катары белгиленип, эсепке алынган жок.


Экинчи таймдын башында Сауд Аравиянын оюнчулары өздөрүнүн мүнөзүн көрсөтүп, 48-мүнөттө жана 53-мүнөттө гол киргизип, эсепти 2:1ге айлантканга жетишти. Өзүнө ишенимдүү баштаган Мессинин командасы оюндун жыйынтыгында жеңилүү ызасын тартты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн