Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:04
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Дүйнө чемпиону Акжол Махмудов "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамы менен сыйланды

27.02.2023 11:42
315
Дүйнө чемпиону Акжол Махмудов "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамы менен сыйланды

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов "Ош облусунун ардактуу атуулу" болду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов балбан Акжол Махмудов жана машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовду кабыл алды.


"Облус башчысы Махмудовду эл аралык мелдештерде ийгилик жаратып жаткан жеңиштери менен куттуктап, “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамын жана 200 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырды. Ошондой эле машыктыруучусуна да Ардак грамота жана 50 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды", - деп айтылат маалыматта.


Акжол Махмудов грек рим күрөшү боюнча дүйнөнүн чемпиону, Ислам шериктештик оюндарынын алтын байгесинин ээси, Монголияда өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүсү. Ошондой эле Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн