Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 14:29
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Дүйнө кубогун жеңген Жоламан Шаршенбековго күйөрманы батир белек кылды

17.12.2020 13:38
1236
Дүйнө кубогун жеңген Жоламан Шаршенбековго күйөрманы батир белек кылды

Кыргыздын сыймыктуу уулу, Дүйнө кубогу мелдешинде алтын медалдга ээ болуп,  жумурай журтту кубандырган Жоламан Шаршенбеков тууган өлкөсүнө келди.

 

Жоламан чемпион”! деп ураан чакырып спортчунун жакындары жана күйөрмандары тосуп алышкан видеотасма социалдык тармактарга жарыяланды.


Ал эми тасмадан  коомдук ишмер Доскул Бекмурзаев жаш спортчуга дем-күч берип ак өргөнүн ачкычын тапшырып жатканын көрүүгө болот.


Эске салсак, Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогу мелдешинин чемпиону болгон. Финалдык беттеште ал россиялык Степан Марянянды утуп алган.


Балбандар Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан дүйнө кубогу мелдешинде күрөшкөн. Дүйнөлүк күрөш уюму дүйнө чемпионатынын ордуна ушул мелдешти өткөрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн