Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:25
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Дүйнө вакцинацияны баштады, эмдөө бизди коронавирустан куткарабы?

18.01.2021 12:48
673
Дүйнө вакцинацияны баштады, эмдөө бизди коронавирустан куткарабы?


Дүйнөнү каптаган COVID-19 пандемиясы адамзатынын учурдагы эң башкы көйгөйүнө айланды. 2019-жылдын аяк ченинде Кытайдын Ухань шаарында пайда болуп, дүйнөнү каптаган бул илдет 2021-жылга да илээшип кошо кирди. Дүйнө мамлекеттери бүгүнкү күндө ушул вирустан кутулуунун жолун табуу менен алектенүүдө. Ошондон улам өткөн 2020-жылдан тарта эле коронавируска каршы күрөшүү максатында катуу карантиндик чаралар менен бирге эле вакцинаны иштеп чыгуу аракеттери жүрүп келди. 2020-жылдын декабрына карата түрдүү медициналык мекемелер жана фармацевтикалык компаниялар тарабынан 200дөн ашуун потенциалдуу вакциналарды иштеп чыгуу аракети жүрүүдө. Вирустун дайыма мутацияланып жатканынан улам вакцинаны иштеп чыгуу да оорчулук жаратып келет. 

Оорчулуктарга карабастан АКШ, Улуу Британия, Израиль, Россия, Кытай сыяктуу мамлекеттер калкты коронавируска каршы вакцинациялоо ишин баштады. Бирок, алардын ар бири түрдүү вакциналарды колдонушууда. Бардыгында адегендеги вакциназиялоо адамдар менен көп карым-катышта болгон дарыгерлер жана мугалимдерге жасалууда. Ошол эле учурда каалоочуларга да акы төлөө негизинде жасалат. 


Пандемия башталгандан бир нече айдан кийин Тандем Pfizer/BioNTech, Moderna компаниясы, Россиянын саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Гамалеи борбору жана AstraZeneca компаниясы биринчи вакциналардын эффективдүүлүгүн болжолдуу текшерүүлөрүнүн ийгиликтүү жыйынтыгы чыкканын жарыя кылышты. Башка өндүрүшчүлөр дагы вируска каршы дарыны таап, адамзатын сактап калууга аракет жасоодо. Бүгүнкү күндө изилдөөчүлөр 64 вакцинаны адамдарга клиникалык текшерүүдөн өткөрүп жатат, алардын 20сы тестирлөөнүн финалдык стадиясына жетти. 


Калкты эмдөөгө уруксат алган биринчи вакцина Pfizer/BioNTech тандеминин продукциясы болду. Бул вакцинаны Канада, Улуу Британия, Аргентина, Кытай сыяктуу мамлекеттер да жактырып, кабыл алганы белгилүү болду. 


Ошентип өткөн жылдын декабрынан тарта АКШ, Канада, Улуу Британия, Израиль мамлекеттери калкты коронавирустан вакцинациялоону баштаган. Дарыгерлер жана мугалимдер эмдөөнү бекер алышат. Bloombergдин маалыматы боюнча Pfizer компаниясынын эмдөөсү болжол менен 19,5 доллар, ал эми Moderna компаниясыныкы 32 доллар турат. 


Булардан кийин Россия Федерациясы дагы масштабдуу эмдөө ишин бүгүн 18-январдан тарта баштай турган жарыялаган. Алар өздөрүнөн даярдалган "Спутник V" вакцинаны колдонууда. Мында да эмдөөнү биринчи кезекте дарыгерлер жана мугалимдер алат. Ошону менен бирге эле жаш курагына карата чектөөлөр бар. Тактап айтсак, 18 жаштан 60 жашка чейинкилер эмделет. "Спутник V" вакцинасынын баасы 10 долларга да жетпей турганы айтылууда.  

Азырынча калкты коронавирустан эмдөө боюнча Израиль алдыңкы орунда. Буга себеп аталган өлкөнүн калкынын санынын аздыгы жана вакцинаны борборлоштурулган бөлүшүтүрүүгө алышканы болду.


Коронавирус пандемиясы – бул бир эле өлкөнүн көйгөйү эмес, ал бүтүндөй дүйнө жүзүнүн көйгөйү. Демек, ал көйгөйдөн бир эле өлкөнүн өз алдынча кутулуп кетүүсү мүмкүн эмес. Бул жерде биргелешкен күч-аракет гана натыйжалуу жемишин берет. Ошондонуктан COVAX деп аталган эл аралык кызматташтык программасы кабыл алынган. Ал программа вакциналарды дүйнө мамлекеттерине акыйкат бөлүшүтүрүүнү кол алышы керек. Ушул жылдын 8-январында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы вакцинаны өндүргөн компанияларга биринчи кезекте өз продукцияларын COVAX программасы аркылуу бөлүштүрүүгө чакырды. Анын айтымында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVAX программасы аркылуу алышы керек болгон 2 млрд дозаны ала албай жатат. Себеби, бай өлкөлөр компаниялар менен эки тараптуу келишимдерди түзүп, вакциналарды дүңүнөн сатып алып жатышат. Мисалы, Канада өзүнүн ар бир жараны беш жолудан эмдөө ала тургандай препараттарды заказ кылып койгон. АКШ, Улуу Британия, Япония, Австралия, ЕС дагы чоң көлөмдө вакциналарды сатып алууну заказ кылган. 


Демек, бай өлкөлөр вакциналарды дүңүнөн сатып ала бере турган болсо, бери жактагы ортозаар жана кедей өлкөлөр үчүн жакынкы убакыттарда эмдөөлөрдүн жүрүшү кыйын болуп калат. Бул деген пандемиянын жакынкы убакытта токтотушу күмөн дегенди түшүндүрөт. 


AstraZeneca, Pfizer жана Moderna компаниялары 2021-жылы өздөрүнүн вакцинасынын 5,3 млрд дозасын чыгарууну пландаштырууда. Бул доза 2,6 млрддан 3,1 млрд адамга чейин эмдөөгө жетет.  


Бул үч компаниянын вакциналарына жогоруда айткандай бай өлкөлөр алдын-ала заказ кылып коюшкан. Мисалы, Moderna кийинки жылдын биринчи кварталында 100-125 млн доза өндүрүүнү пландаган. Анын 100 млну АКШга тарайт. 


AstraZeneca жана Оксфорд университети өздөрүнүн өндүргөн препаратынын 64%ын өнүккөн өлкөлөргө берүү милдетин алган. Кийинки жылы компания 3 млрд дозадагы вакцина чыгарууну пландаган. Анын 1,9 млрды өнүккөн өлкөлөргө кете турганы түшүнүктүү болуп турат. 


Түз инвестициялар боюнча Россиялык фонд «Спутник V» вакцинасынын 500 млн дозасын 2021-жылдан тарта  чет мамлекеттерге чыгарууну пландап турат. Бул дагы өнүккөн өлкөлөрдөгү дефицитти жаба албайт. 

Коңшулаш Казакстанда да калкыт эмдөөнү ушул жылдын февраль айынан баштоону пландап жатышканы белгилүү. Ал эми Кыргызстанда ушул жылдын июнь айында эмдөө башталышы пландалып жатканын Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Г. Ишенапысова билдирген. Биздин өлкө да COVAX механизмине өткөн жылдын сентябрында кошулган. Бул программанын алкагында мамлекеттерге калкынын санынын 20%ына вакцина бөлүнөт. Кыргызстандын калкы 6,3 млн адам. Демек, бизге 1,2 миллион доза бөлүнүшү керек. 


Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында вакцина биринчи кезекте дарыгерлерге, мугалимдерге жана улгайып калган адамдарга бөлүнөт. Элдин ишенимин жаратуу үчүн министр өзү биринчилерден болуп эмдөө ала турганын айткан. 


Баса, COVAX программасынан сырткары Кыргызстан Россиядан да вакциналарды алат. Бирок, ошол вакциналарды сактоо маселеси жаралууда. Себеби, аны сактоо үчүн -20дан -70 градуска чейинки өтө төмөнкү температура керек. Андай шарт азырынча өлкөбүздө жок. Бирок, вакциналарды алганга чейин ошол шартты түзүүнү колго алуу керек. 

 

Албетте, вакцина алгандан кийин эле бул илдетке чалдыгып калуу коркунучу 100%ка жоголот деп айтуу азырынча эрте. Айрым өлкөлөрдө эмдөөдөн кийин деле жуктуруп алгандар, алтургай эмдөөдөн кийин каза болуп калгандар да кездешүүдө. Мисалы, Норвегияда 23 кары адам эмдөөдөн кийин көз жумган. Андыктан вакцина Кыргызстанга келгенге чейин анын таасирлери кандай боло турганы дагы көбүрөөк белгилүү болуп калат.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн