Бугу 03, 2024
Убакыт: 19:17
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Дүйнөдө коронавирустан 279 миңден ашык адам көз жумду

11.05.2020 09:30
742
Дүйнөдө коронавирустан 279 миңден ашык адам көз жумду

Дүйнө жүзүндө кечээ, 10-майга карата жалпы 4 млн 40 миӊ 289 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 279 миӊ 565 адам каза болду. Мындай маалыматты Республикалык штаб Джонс Хопкинс Университетинин билдирүүсүнө шилтеме берип кабарлады.

АКШда 1 309 541 адам жуктуруп, 78 794 киши каза тапты,

Испанияда 223 578 адамдан коронавирус табылса, каза болгону 26 478ге жетти,

Италияда 218 268 жугузуп, 30 395 киши мерт болду,

Улуу Британияда жуктуруп алган 216 526 адамдын 31 662си каза болду,

Россияда учурда 209 688 катталса, 1 915 каза болгону айтылды,

Францияда 176 782 киши жуктуруп алып, 26 313 адам көз жумду, 

Германияда болсо 171 324 вируска чалдыккан, ал эми каза тапканы 7 549 кишиге жетти,

Бразилияда 156 061 адамдын 10 656сы  көз жумду,

Түркияда 137 115 кишиден вирус аныкталып, каза тапкандар 3 739ду түздү,

Иранда жуктурган 106 220 адам болсо, каза тапкандары 6 589 адам.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн