Бугу 11, 2024
Убакыт: 21:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Дүйнөдө 3-орунда турган Индияда вирустун жайылышы эң жогорку чегине чыга элек

20.07.2020 19:04
1221
Дүйнөдө 3-орунда турган Индияда вирустун жайылышы эң жогорку чегине чыга элек


 

Индия вирус жуккандар саны боюнча үчүнчү орунда турганына карабастан, адистер илдеттин жайылышы эң жогорку чегине чыга элек деп айтууда. Бул тууралуу BBC дүйнөлүк кызматы маалымдады.

 

Алардын билдирүүсүндө, дагы бир нече айдан кийин гана Индияда оору эң жогорку чегине жетет деп болжойт окумуштуулар. Өлкөдө бир суткада 35 миң жаңы учур катталды. Коронавирустан 670 бейтап каза тапты.

 

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, коронавирус эпидемиясы башталгандан бери ушул күнгө чейин 14,3 млн киши вирусту жуктурган. Жаңы учурлардын көбү АКШ, Бразилия, Индия жана Түштүк Африкада.

 

Covid-19 илдетинен акыркы суткада 7360 бейтап көз жумду. Бул дагы 10-майдан берки эң чоң жоготуу. Европанын батышындагы өлкөлөр вирустун жайылышын оздуктоого аракет кылууда. Бизнес үчүн чек араларды ачуу уланууда.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн