Бугу 12, 2024
Убакыт: 14:58
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Дүйнөдө 9 миллиондон ашты. Коронавирус эң көп катталган алдыңкы 5 өлкө (тизме)

23.06.2020 14:19
1054
Дүйнөдө 9 миллиондон ашты. Коронавирус эң көп катталган алдыңкы 5 өлкө (тизме)


Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 9 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс университетинин маалыматында айтылат.


Американын окумуштууларынын айтымында,  23-июнга карата 9 098 643 адам илдетке чалдыккан.


Вирус жуктурган бейтаптардын саны боюнча алдыңкы 5 өлкө:


АКШ -  2 312 302 адам; 

Бразилия - 1 106 470;  

Россия - 591 465; 

Индия - 425 282; 

Улуу Британия - 306 761. 


Ал эми каза болгондордун саны 472 171 адамга жетти. Көз жумгандардын көпчүлүк бөлүгү АКШ, Бразилия, Улуу Британия, Италия жана Францияга туура келет. Акыркы учурда вирусту бир аптанын ичинде бир миллион адам жугузуп алып жатканы айтылды.


23-июнга карата Кыргызстан боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 163 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 3519 учур болду.  




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн