Нидерланды өлкөсүндө экинчи жолу коронавирус жуккан адам көз жумду. Бул кайрадан коронавирус жуккандан кийин адам көз жумган дүйнөдөгү биринчи учур экени жарыяланды.
Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, маркум 89 жашта болчу (аял киши). Андан 2 ай мурун биринчи жолу коронавирус оорусу аныкталган. Экинчи жолу коронавирус аныкталгандан кийин ооруканада 2 жумадай убакыт дарыланып, бирок абалы оорлоп кеткен.
Акыркы маалыматтар боюнча, учурда дүйнөдө 23 адамга коронавирус экинчи жолу жукканы аныкталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн