Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:59
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Дүйнөдө эң ири электр өндүрүүчү компания Кыргызстанда ири ГЭСтерди курууга кызыкдар

15.04.2022 16:30
1073
Дүйнөдө эң ири электр өндүрүүчү компания Кыргызстанда ири ГЭСтерди курууга кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Électricité de France компаниясынын Россиядагы жана КМШ мамлекеттериндеги өкүлчүлүгүнүн директору Лоран Паганон жана Франциянын Кыргыстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Жолугушууга президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов да катышты.


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, Кыргыз Республикасы энергетика тармагындагы, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруу долбоорлоруна катышууга кызыкдар инвесторлордун сунуштарына ачык.


«Бизде 142 млрд киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Биздин артыкчылыктуу багытыбыз – Камбар-Ата-1 ГЭСин, чакан ГЭСтерди, ошондой эле күн жана шамал станцияларын куруу. Биз «жашыл экономика» долбоорлорун өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», - деди Бакыт Төрөбаев.


Алмаз Исанов кошумчалагандай, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында «жашыл», санариптик жана креативдүү экономикаларды өнүктүрүү боюнча негизги багыттар көрсөтүлгөн. Анын айтымында, Министрлер Кабинети «жашыл экономика» тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө умтулууда.


Électricité de France өкүлчүлүгүнүн директору Лоран Паганон энергетика тармагындагы долбоорлор боюнча, атап айтканда, ири ГЭСтерди куруу боюнча кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары кызматташуу маселелерин иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү чечимине келишти.


Маалымат үчүн: Électricité de France (Электрисите́ де Франс) — француз электр энергетикалык компаниясы.


EDF Европада, Түштүк Америкада, Түндүк Америкада, Азияда, Жакынкы Чыгышта жана Африкада 120+ гигаватт кубаттуулуктагы түрдүү портфелди башкарат.


2009-жылы EDF дүйнөдөгү эң ири электр энергиясын өндүрүүчү катары таанылган.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн