Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 20:30
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кайсы өлкөлөрдө COVID-19дун экинчи толкуну жүрүүдө?

03.09.2020 12:43
930
Кайсы өлкөлөрдө COVID-19дун экинчи толкуну жүрүүдө?

Учурда дүйнөдөгү айрым өлкөлөрдө коронавирустун экинчи толкуну башталды. Вирусологдор бир нече ай мурун COVID-19дун экинчи толкуну боло тургандыгын алдын ала айтышкан. 


Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (WHO) SARS-CoV-2 вирусу эндемикалык мүнөзгө өтүп, эч качан жоголбосун божомолдоп келишет. Канчалык адамдар коюлган талаптарды так аткарып, өздүк гигиенаны сактаса, оорунун жайылышы азыраак болот дешет адистер. 


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнөдө вирус көп катталган өлкөлөр АКШ, Бразилия жана Индия. Жалпысынан үч мамлекетте COVID-19дун 12,4 миллиондон ашык учурлары кездешет. Аталган өлкөлөрдө күн сайын 150 миң жаңы учур катталат.


Үч өлкөнүн ичинен оорулуулардын санынын көптүгү боюнча Индия турат. Аталган өлкөдө 69 миңге жакын инфекция катталып, каза тапкандардын саны күн сайын өсүүдө.


Ал эми Бразилияда ооруну жуктуруп алгандардын  саны күнүнө 45 миңден 49 миңге чейин жетип, жалпы саны 3,5 миллионго жетти. 


Учурда Азия өлкөлөрүндө вирустун экинчи толкуну байкала элек. Бирок ушул жылдын күз айларында болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Ошентсе да,  күн сайы оорунун жаңы учурлары катталууда. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн