Бүгүнкү күндө коронавирус жайылган мамлекеттердин саны барган сайын көбөйүп жатат. Мындай маалыматты вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 17-мартта өкмөттө өтүп жаткан маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму берген маалымат боюнча 167 миңден ашык киши ооруга чалдыкты. Анын ичинде Кытайда 81 миң 77 адам катталса, башка өлкөлөрдө 86 миң 434 адам катталды.
"Ошону менен катар айыгып кеткен адамдардын саны да арбын", - деди вице-премьер.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн