Бугу 03, 2024
Убакыт: 14:06
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Дүйнөдө коронавирустан айыккандар 1,5 миллионго жакындады

13.05.2020 08:54
1000
Дүйнөдө коронавирустан айыккандар 1,5 миллионго жакындады


Дүйнөдө коронавирус илдетинен айыккандар 1 493 091 адамга жетти. Бул тууралуу пандемияга байланыштуу окумуштуулар ойлоп чыккан онлайн картада жарыяланды.


Маалыматка ылайык, оорудан сакайгандар АКШда 230 287, Германияда 147 200, Испанияда 138 980, Италияда 109 039, Түркияда 98 889, Иранда 88 357, Кытайда 79 208, Бразилияда 72 597, Францияда 57 898, Россияда 43 512, Канадада 34 055 адамга жетти.


Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дартка чалдыккандардын саны дүйнөдө 4 259 255 бейтапты түздү.





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн