Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:40
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 4,5 миллиондон ашты

23.06.2020 11:34
1009
Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 4,5 миллиондон ашты


Дүйнөдө коронавирус инфекциясынан айыккандардын саны 4,5 миллиондон ашты. Бул тууралуу пандемияга байланыштуу окумуштуулар ойлоп чыккан онлайн картада жарыяланды.


Бишкек убактысы боюнча саат 11:00гө карата COVID-19 инфекциясынан айыккандардын саны 4 526 333 бейтапты түздү. Оорудан эң көп сакайгандар АКШда катталып, ал жакта 640 198 киши жана Бразилияда 601 736 киши илдети жеңген.


Ошол эле учурда вирустан каза болгондордун саны 472 171ди түзсө, ооруну жуктургандардын жалпы саны 9 079 452 кишиге жетти.


Белгилей кетсек, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн